
Жарыяланган
2026-28-05, 15:07Кыргызстан – Өзбекстан товарларын көп экспорттогон өлкөлөрдүн бири. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика комитети билдирди.
Маалым болгондой, быйыл январь-март айларында Өзбекстан чет жакка 5.8 млрд долларга экспорт кылган.
Үч айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Өзбекстан экспортту көп жасаган 10 өлкөнүн катарына кирген:
Россия – 1,1 млрд;
Кытай – 641,7 млн;
Афганистан 443,6 млн;
Франция – 405,9 млн;
Казакстан – 282,8 млн;
Түркия – 231,6 млн;
Бириккен Араб Эмираттары – 172,3 млн;
Кыргызстан – 169,9 млн;
Тажикстан – 140,8 млн;
Гонконг (Кытайдын административдик аймагы) – 127,1 млн.



