Akchabarsearch
Кыргызстан жыл башынан бери 8,5 тонна алтын экспорттоду

Жарыяланган

2024-21-10, 13:58

Кыргызстан жыл башынан бери 8,5 тонна алтын экспорттоду

Кыргызстан жыл башынан бери 8,5 тонна алтын экспорттоду. Мындай маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.

Ведомстводон билдиришкендей, январдан август айына чейин өлкө 8 миң 724 килограмм алтынды 56 миллиард сомго сатты. 

Өткөн жылдын ушул мезгилинде экспорттун көлөмү дээрлик 5 тоннаны түзгөн. 

Баалуу металлдын басымдуусу Улуу Британия, Гонконг жана Бириккен Араб Эмираттарына экспорттолгон. 


Тектеш материалды окуу