Жарыяланган
2025-16-06, 10:51Кыргызстанда былтыр кедейчиликтин деңгээли 25.7%ды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 4.1 пайыздык пунктка кыскарган. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди.
2024-жылы өлкөдө кедейликтин чеги 65 миң 417 сом деп белгиленген: тапкан кирешеси киши башына 65 миң 417 сомдон аз болсо, ал адам кедей деп таанылат. Ал эми жылдык кирешеси 41 миң 349 сомдон аз болсо, анда өтө кедей деп эсептелет.
Былтыр өлкөдө 1 млн 871 адам кедей жашаган же киши башына жылдык кирешеси 65 миң 417 сомдон аз болгон. Колунда жок болгон үй-бүлөлөрдүн дээрлик 62%ы айыл жергесинде турган.