Akchabarsearch
Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата 233 миң жаран Топтомо фонддогу акчасын алган

Жарыяланган

2026-12-08, 11:47

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата 233 миң жаран Топтомо фонддогу акчасын алган

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата 233 миң жаран Топтомо фонддогу акчасын алган. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

Анын айтымында, топтомо акчасын алгандардын көбү пенсияга чыккан жарандар болгон. Алардын саны 205 миңге жакын.

Дагы 4.6 миңдей адам чет жакка көчүп кетип жаткандыктан, Топтомо фонддогу акчасын алган.

Каза болуп калган жарандардын топтомо акчасын алардын мураскорлору алып кеткен. Алардын саны 13 миңге жакын. 

Дагы топтомо акча ипотекага үй алгандарга, оор ооруга туш болгондорго берилген.

Топтомо фонддогу акчаны төлөп берүүгө дээрлик 7 млрд сом кеткен. 

Соцфонддун маалыматы боюнча, мамлекеттик пенсиялык топтомо фонд 2010-жылы киргизилген. Пенсиялык фондго деп кармалып жаткан 10% эмгек акынын 2%ы топтомо фондго түшөт. Бирок 1964-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн эркектер жана 1969-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн аялдар бул топтомо фондго акча төлөшпөйт. Алар 2012-жылдан баштап бул фондго катышпай калышкан. 


Тектеш материалды окуу