Akchabarsearch
Кочкордо Ара-Көл – Оро-Башы жолуна асфальт төшөлүүдө

Жарыяланган

2026-12-08, 12:48

Кочкордо Ара-Көл – Оро-Башы жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Кочкор районундагы Ара-Көл – Оро-Башы жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырымына асфальт төшөө каралган.

Курулуш иштерин №955 Жол эксплуатациялоо мекемеси жүргүзүүдө.  Жумуш бекитилген графикке ылайык уланууда. 

Аталган жол Кочкор районунун Чолпон айыл аймагындагы Ара-Көл жана Оро-Башы айылдарын байланыштырат.


Тектеш материалды окуу