
Жарыяланган
2026-12-08, 19:26Кыргызстанда электр унааларды чогултуп чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Азыр электр унаалар кураштырыла турган ишкананы жеке инвестор салып жатат. Учурда анын курулушу 75%га аяктады.
Ишкананын аймагы жалпы 15 гектар жерди ээлейт. Ал жерде жылына 10 миңге чейин электр унаа чыгарылып, 100 жумуш оруну түзүлөт.
Ал жерде жеңил, коммерциялык жана атайын унааларды кураштыруу пландалууда. Алар BARS деген ат менен чыгарылат.
Кураштырылган унаалар өлкө ичинде гана эмес, Борбор Азия жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөргө сатылат.
Ишкана ушул жылдын үчүнчү кварталында иштей башташы мүмкүн.



