
Жарыяланган
2026-12-08, 17:26Жарандардын Топтомо фондундагы акчасы жөн гана чогулбай, аларга иштеп, киреше алып келүүдө. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Белгилүү болгондой, азыр жарандардын айлыгынан 10% акча Соцфондго кармалып калат. Анын 8%ы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө, ал эми 2%ы топтомо бөлүгүнө түшөт. Ушул топтомо бөлүгүнө түшкөн акча жарандын өз акчасы болуп саналат. Ал топтоло берет да жаран аны пенсияга чыгып жатканда, ипотекага үй алганда, чет жакка көчүп кетип жатканда (жана башка учурларда) ала алат.
Жеңишбек Мукамбетовдун айтымында, бул Топтомо фондго түшкөн акча жөн гана топтоло бербей жаранга киреше да алып келүүдө. Себеби Соцфонд ал акчаны баалуу кагазадарга, депоизеттерге же башка жакка салып, киреше түшүрүүдө.
Топтомо фонддо канча акча топтолгонун "Түндүк" тиркемесинен көрүүгө болот. Мисалы ал жерде 100 миң сом деп турса, аны азыр алам десеңиз, сиз колуңузга 100 миң сом эле албайсыз. Кошумча киреше менен аласыз. Маселен ал акчанын үстүнө 80-100% кошумча киреше түшүп, 180-200 миң сом алышыңыз мүмкүн.
Кокус ал акчаны пенсияга чыкканда алам десеңиз, колуңузүңга 1 млн сом тийиши мүмкүн. Себеби сиз дагы бир топ иштеп, Соцфондго акча коротуп турасыз, ага кошумча ал акчага пайыздык кирешелер түшүп турат.
Мунун баары сиздин дагы канча жыл иштеп, Соцфондго канча акча которо турганыңызга, ал топтолгон акчаны качан ала турганыңызга жараша болот.
Соцфонддун маалыматы боюнча, пенсиялык топтомо фонд 2010-жылы киргизилген. Бирок 1964-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн эркектер жана 1969-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн аялдар бул топтомо фондго акча төлөшпөйт. Алар 2012-жылдан баштап бул фондго катышпай калышкан, башкача айтканда, алардын пенсиясынын топтомо бөлүгү жок.



