
Жарыяланган
2026-30-04, 13:28Кыргызстанда 1-майда электр энергиянын баасы өзгөрөт.
Учурда жарандар үчүн 700 кВт/саатка чейинки электр энергиянын бир киловатты – 1 сом 37 тыйын, 700 кВт/сааттан ашканда 2 сом 60 тыйындан турат.
Эми майдан баштап бир киловатт 27 тыйынга кымбаттап, 1 сом 64 сомдон болот.
Ал эми 700 кВт/сааттан ашса, 2 сом 94 тыйын туруп калат: баа 34 тыйынга көтөрүлөт.
Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын аймактарда жашагандар үчүн баа 1 сом 64 тыйындан болот. Аларга 700 кВт/саат деген чектөө жок.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алгандар 700 кВт/саатка чейинки электр энергияга азыркыдай эле 50 тыйындан төлөйт. Бирок 700 кВт/сааттан ашканда жаңы 2 сом 94 тыйын деген тариф менен төлөй баштайт.
Ошондой эле башка абоненттер үчүн тарифтер (бир киловатт үчүн жаңы баа):



