
Жарыяланган
2026-30-03, 18:28Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Кыгызстанда күйүүчү майдын баасы мындан ары көтөрүлөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов билдирди.
Анын айтымында, азыр өлкөдө жетиштүү көлөмдө күйүүчү май бар. Бирок Жакынкы Чыгыштагы абалдан улам Россиядагы заводдор бензин менен дизелдин дүн баасын кымбат баа менен сата баштады.
“1 тоннанын баасы 150-200 долларга кымбаттады. Бул да акыркы баа эмес. “Мындан ары да жогорулайт” деп жатышат.
Жакынкы Чыгыштагы кооптуу кырдаалдын кесепетинен Россиядагы заводдордо суроо-талап көбөйдү. Анткени бизден тышкары алардан чоң мамлекеттер, маселен Кытай менен Индия Россиядан мунай заттарды ала баштады. Алардын көлөмү күндөн-күнгө өсүп жатат. Суроо-талап өскөн сайын заводдор бааны көтөрүп жатышат”, - деди ал.



