
Жарыяланган
2026-05-08, 11:51Кыргызстанда күйдүргү (сибирь жарасы) чыккан жерлердин айланасындагы санитардык-коргоо зонасын кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок бул учурда турак жайларга жана башка объектилерге чейинки аралык кеминде 100 метр болушу керек.
Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Эми санитардык зонаны кыскартуу боюнча чечимди башкы мамлекеттик ветеринардык инспектор кабыл алат. Бул турак жайларга, коомдук имараттарга, социалдык объектилерге, мал чарбаларына, мал базарларына, союучу жайларга, өнөр жай объектилерине жана кампаларга чейинки аралыкка тиешелүү болот.
Санитардык зонаны кыскартуу бир нече шарт аткарылган учурда гана мүмкүн. Атап айтканда, очок жайгашкан аймактан алынган топурактын үлгүлөрү көз карандысыз аккредитацияланган лабораторияда текшерилип, жыйынтыгы терс болушу керек.
Мындан тышкары, илимий изилдөөлөрдүн негизинде оң корутунду жана атайын комиссиянын сунушу талап кылынат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине бул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.



