
Жарыяланган
2026-13-04, 14:41Кыргызстанда 2021-2025-жылдары жалпы кубаттуулугу 109,8 МВт болгон 27 чакан ГЭС ишке берилген. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Бул ГЭСтер баары биригип жылына 427 млн. кВт/саат электр энергия өндүрөт.
Ошондой эле 2026-жылдан 2030-жылга чейин өлкөдө жалпы кубаттуулугу 421,26 МВт болгон 48 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда.
Министрлик жакынкы жылдары Кыргызстанды электр энергияны импорттогон эмес, экспорттогон өлкөлөрдүн катарына кошуу максаты турганын белгиледи.



