
Жарыяланган
2025-13-11, 11:16“Kyrgyz Expo 2025” көргөзмөсүндө төө буурчактан жасалган "Буурчак азыгы" көрсөтүлдү. Анда бул идея жергиликтүү түшүмдү иштетип, пайдалуу жана толугу менен табигый азык өндүрүү максатынан жаралганы айтылды.
"Биз кыргыздарбыз, көчмөн элбиз. Мурда эт менен гулазык жасачубуз, азыр буурчак менен жасап жатабыз", - деди азыкты өндүрүүчүлөрдүн бири.
Анын айтымында, алар технологиянын үстүндө 11 жыл иштешкен. Башында команда Япония менен АКШда өндүрүлгөндөй төө буурчак пастасын жасашкан. Бирок кыргызстандык ойлоп табуучулар кийин кантты жана консерванттарды кошпой, табигый даамды узак сактоого жетишишкен.
"Японияда жана Америкада алар жарактуулук мөөнөтүн кант менен узартышат, бирок бизде ашыкча эч нерсе жок. Жөн гана буурчак. Аны кайнатып же кууруунун кереги жок — жөн гана суу кошулат", - деп түшүндүрөт өндүрүрүүчүлөрдүн бири.
Ал азык таттуу жана даамдуу гана болбостон, токчулукту дагы көпкө сактай турганын белгиледи.
Бир аптага жеткен азыктын бир баштыкчасынын баасы 400 сом турат.



