Akchabarsearch
Мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар аныкталып, жок кылынды

Жарыяланган

2026-06-03, 14:39

Мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар аныкталып, жок кылынды

«Ак-Тилек» товарларды эсепке алуу пунктунда мөөнөтү өтүп кеткен жана эсепке алынбаган кондитердик азыктарды ташыган жүк ташуучу унаа аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган продукциянын бир бөлүгү белгиленген тартипте эсепке алынбаганы, ал эми товарлардын бир бөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтүнүн өтүп кеткени белгилүү болду. Табылган продукциянын жалпы салмагы болжол менен 10 тоннаны түздү.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар мындан ары сот тартибинде кароо үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Соттун чечимине ылайык мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун аймагында өрттөө жолу менен жок кылынды.


Тектеш материалды окуу