
Жарыяланган
2026-26-01, 09:56Таласта төө буурчак протеини айына 1,5 тонна чыгарылып жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкер Русланбек Кенжалиев 6 жылдык изилдөө жана тажрыйбанын негизинде төө буурчактан жасалган экологиялык таза протеин «көчмөндөрдүн азыгын» иштеп чыкты.
Учурда өндүрүш толугу менен кол эмгегине негизделип, айына 1,5 тонна продукция чыгарылууда. Бирок суроо-талап мындан бир топ жогору болуп жатканы айтылды.
Ишкердин айтымында, продукция кант диабети менен жабыркаган адамдарга, спортчуларга жана туура тамактанууну кармангандарга өзгөчө пайдалуу.
“Төө буурчак протеини кан шекерин төмөндөтүүгө, организмди тазалоого, энергияны көбөйтүүгө жардам берет. Бул азыкка Коргоо министрлиги да кызыгып, аскерлер үчүн азык катары колдонуу боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнү айтылууда”, - деп жазылат маалыматта.
Өндүрүштү кеңейтүү үчүн ишкер HACCP стандарттарына жооп берген цех курууну пландоодо. Бул фермерлерди фасоль баасынын кескин төмөндөшүнөн коргоп, экспортко жол ачаары айтылат.
Цех ишке кирсе, өндүрүш көлөмү айына 20 тоннага чейин жетип, жергиликтүү фермерлер үчүн туруктуу рынок түзүлөт.



