Akchabarsearch
Өлкөгө 4 миңдей мөөнөтү өткөн кондитердик азыктарды алып келүүгө бөгөт коюлду

Жарыяланган

2026-26-02, 16:54

Өлкөгө 4 миңдей мөөнөтү өткөн кондитердик азыктарды алып келүүгө бөгөт коюлду

Жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктарды алып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унааларды текшерүү учурунда жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен 4 миң 179 куту кондитердик азыктар табылган. Алардын жалпы салмагы 11 тоннаны түзгөнү менен документтер боюнча 7 тонна экендиги көрсөтүлгөн.

Ошондой эле суукка каршы кошулмалар, тездеткичтер, гидроизоляциялык материалдар, боектор, грунттар жана арматуралар аныкталды.

Бул факты боюнча салык кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлдү.

Автотранспорт каражатына пломба илинип,  унаа токтотуучу жайга убактылуу жайгаштырылды.

Материалдар мыйзамдарга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.


Тектеш материалды окуу