Akchabarsearch
    Кыргызстанда жасалма документ менен иштеп жүргөн 120дан ашык чет элдик аныкталды

    Жарыяланган

    2025-20-05, 11:22

    Кыргызстанда жасалма документ менен иштеп жүргөн 120дан ашык чет элдик аныкталды

    Кыргызстанда Бангладештин жарандарына жасалма виза даярдоо каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, Бангладештин жараны Х.М. мекендештерине Кыргызстанда иштөөсү үчүн жасалма документтерди жасап берип, ал кызматы үчүн акча алып турган. Маселен быйыл февралда ал мекендештеринен 66,5 миң доллар алып, жасалма документ даярдап берген. 

    Атайын кызмат текшерүү иштери учурунда уруксат берүүчү документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен Бангалдештин 120дан ашык жаранын аныктаган. Ошондой эле алардын жасалма документтеринин электрондук көчүрмөлөрү сакталган ноутбук табылып алынган. 

    Аталган чет элдик №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда бул фактыга катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө. 

    УКМК чет элдик жарандарды жана компанияларды уруксат кагаздарды Тышкы иштер министрлигинин электрондук порталы аркылуу гана алууга чакырат. 


    Тектеш материалды окуу