Жарыяланган
2025-22-10, 12:21Быйыл жарым жылда Кыргызстандагы коммерциялык банктардын жалпы таза кирешеси 16 млрд 425.1 млн сомду түздү. Бул – өлкөдөгү 21 банктын жыйырмасынын тапкан кирешеси. Бир банк чыгаша болгон.
Банктардын кирешесинин көбү насыялардын пайыздарынан түшкөн. Ошондой эле алар комисиялардан да бир топ пайда көрүшкөн.
21 банктын жарым жылдагы жалпы кирешеси 66.6 млрд сом болсо, чыгашасы 50.6 млрд сомду түзгөн. Чыгаша тартып калган банкты эсепке албаганда калган 20 банк 16 млрд 425.1 млн сом таза киреше тапкан.