Жарыяланган
2025-22-10, 10:35Кыргызстанданы ишканалар быйыл сегиз айда Казакстанга 3.8 миң тонна балмуздак сатты. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди.
Балмуздак бир гана Казакстанга сатылган. Анын баасы 374.4 млн сомду түзгөн.
2024-жылы январь-август айларында балмуздак көбүрөөк экспорттолгон. Анда балмуздакты эки өлкө сатып алган: 4.56 миң тонна балмуздак Казакстан менен Өзбекстанга кеткен. Анын көбү же 4.55 миң тоннасы – Казакстанга (463.4 млн сом), калган 12.7 тонна – Өзбекстанга (728.7 миң сом) экспорттолгон.