
Жарыяланган
2025-12-09, 14:17Кыргызстанда кен казуу тармагы экономикадагы негизги киреше булактарынын бири бойдон калууда. 2025-жылдын январь–июнь айларында тармактын жалпы финансылык натыйжасы 8.2 млрд сомду түздү. Рентабелдүү ишканалардын пайдасы дээрлик 10 млрд сом болду.
Негизги үлүштү металл кендерин казуу ишканалары камсыздап, 7.7 млрд сом пайда тапты. Бул көрсөткүч кен казуу тармагынын 85%дан ашыгын түзөт. Экинчи орунда мунай жана жаратылыш газын казуу турат — бул тармактан 1.01 миллиард сом түшкөн.
Ошол эле учурда бардык ишканалар кирешеге жете алган эмес. Зыян тарткан компаниялардын жалпы чыгашасы 1.67 млрд сомду түзгөн. Эң чоң чыгым таш жана күрөң көмүр казган ишканаларда катталып, 610 млн сомдон ашык чыгымга учурашкан.
Жалпысынан, рентабелдүү ишканалардын кирешеси чыгымдарды жапканга жетип, тармак оң сальдодо калууда.



