Жарыяланган
2025-17-09, 11:12Июнь айынын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз) 8.38 млрд долларды же 732.7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги даярдаган республикалык бюджеттин 2026-жылга карата долбоорунда айтылат.
Мамлекеттик карыздын 62.5% же 5.24 млрд доллары тышкы бересе болсо, 37.5%ы же 3.14 млрд доллары ички бересе болуп саналат.
Маалым болгондой, тышкы карыз 300дөн ашык насыядан турат. Анын 99%ы жеңилдик менен алынган: пайыздары 0.1%дан башталып 2%га чейин жетет, алар 50 жылга чейин аылнган.