
Жарыяланган
2026-23-04, 15:52Кыргызстандын окуу жайлардагы эң кымбат контракт 7.5 миң долларды түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Чотонов билдирди.
Анын айтымында, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү окуу жайларда (сом менен төлөп окугандар арасында) эң арзан контракт 29.5 миң сомду түзөт, эң кымбаты 288.6 миң сомго жетет.
Ошол эле учурда доллар менен төлөп окуган окуу жайларда контракттын баасы 7.5 миң долларга чейин барат. Сомго которгондо (87.43 курсу менен эсептегенде), ал 655.7 миң сомду түзөт.



