
Жарыяланган
2026-29-01, 13:06Кыргызстандык ишкерлерге Кытайдын эң ири соода тармагы — China Co-op менен түз иштөө мүмкүнчүлүгү сунушталды.
Бүгүн, 29-январда Бишкек шаарындагы Соода-өнөр жай палатасында Казакстандын Улуттук кооперативдер жана экономикалык коомчулуктардын башка формаларынын ассоциациясынын (NACOFEC) акселерациялык программасы тааныштырылды.
Аталган ассоциациянын президенти Казыбек Шайх Кыргызстанга экспорттун сыноодон өткөн технологиясын алып келгенин белгиледи.
“Казакстандагы иш тажрыйбабыз көрсөткөндөй, чакан жана орто өндүрүүчүлөрдү күчтүү экспорттук чынжырларга бириктирүү Кытай сыяктуу ири рынокто ийгиликке жетүүнүн жалгыз жолу. Кыргызстандын продукциясы экологиялуулугу менен өзгөчөлөнөт. Биздин милдет сертификаттоодон тартып China Co-op’тун текчелерине чейин жашыл коридорду камсыз кылуу. Бул Борбор Азиянын бирдиктүү органикалык брендин түзүүгө карай жасалган биринчи, бирок чечкиндүү кадам”, - деди ал.
Казыбек Шайх кыргызстандык органикалык продукция өндүрүүчүлөр Кытай боюнча 341 миң дүкөндү камтыган соода тармагындагы атайын текчелерден орун ала аларын айтты.
Жолугушууга Соода-өнөр жай палатасынын, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борборунун өкүлдөрү, ошондой эле агробизнес жана экспортко багытталган ишкерлер катышууда.



