
Жарыяланган
2025-03-09, 10:14Экономика министри Бакыт Сыдыков Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарында кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү документтерге кол койду.
Кол коюу иш-чарасы ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында ишке ашты.
Тараптар төмөнкү документтерге кол коюшту:
• Гранттык жардам көрсөтүү боюнча макулдашуу;
• «Бедел» автожол көзөмөл-өткөрмө пунктун куруу жана техникалык жабдуу боюнча долбоордун технико-экономикалык негиздемесин жүргүзүү тууралуу макулдашуу;
• «Кыргызстандарт» менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик базарды көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкы башкармалыгы (SAMR) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Аталган документтер соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө, транспорттук инфраструктураны модернизациялоого, ошондой эле стандартташтыруу жана техникалык жөнгө салуу жаатындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөт.



