Akchabarsearch
Органикалык продукцияны Кытайга экспорттоонун шарттары тууралуу айтылды

Жарыяланган

2026-29-01, 13:26

Органикалык продукцияны Кытайга экспорттоонун шарттары тууралуу айтылды

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев Кыргызстандын органикалык продукция өндүрүүчүлөрү Кытай боюнча 341 миң дүкөндү камтыган соода түйүнүндөгү атайын текчелерден орун ала алышарын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-январда, журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, өндүрүүчүлөр эт, колбаса, жаңгак, жер жаңгак жана башка продукцияларды Кытайдагы ири соода түйүнүнө экспорттой алышат.

«Бул тизме абдан кеңейиши мүмкүн. Мурда Кыргызстандын продукциясын Кытайга жеткиргенде сертификациядан өткөрүү үчүн көп убакыт талап кылынчу. Азыр болсо продукцияны Кыргызстандын ичинде эле лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп жөнөтө алабыз. Казакстан тарап Кытайдын лабораториясы менен сүйлөшүп, анын филиалын ачтырган. Биз да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ушул жылы Кыргызстанда лаборатория ачууну пландап жатабыз», — деди ал.


Тектеш материалды окуу