Akchabarsearch
Кытайдын Тышкы иштер министри Кыргызстанга келди

Жарыяланган

2025-19-11, 15:47

Кытайдын Тышкы иштер министри Кыргызстанга келди

Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр жана учурдагы кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн Стратегиялык диалогдун биринчи жыйыны өтөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.


Тектеш материалды окуу