Жарыяланган
2025-22-05, 17:18Кыргызстандын тышкы карызы азайып, ички карызы көбөйдү. Муну Каржы министрлигинин маалыматынан көрүүгө болот.
Маалыматка караганда, быйылкы жылдын 31-мартына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы (ички+тышкы карыз) 580 млрд 278.8 млн сомду түздү. Андан эки ай мурда, 31-январга карата ал 580 млрд 560.55 млн сом болгон. Ортодогу аралыкта мамлекеттин бересеси 281.75 млн сомго азайган.
Бирок тышкы жана ички карызды өз-өзүнчө карап көрө турган болсок, алардын бири кыйла азайып, экинчиси кыйла көбөйгөнүн байкоого болот.
Маселен, 31-январга карата Кыргызстандын тышкы карызы 397 млрд сомдон ашып турган. Ал эми марттын аягында ал 388 млрд 172.14 млн сомду түзгөн. Эки айда 8 млрд 827.8 млн сомго азайган.
Ошол эле учурда январдын аяктарында ички карыз 183 млрд 560.11 млн сом болсо, марттын этегинде 192 млрд 106.75 млн сомго жеткен. Ал эки айда 8 млрд 546.6 млн сомго көбөйгөн. Муну менен мамлекет тыштан карыз алганга караганда, өлкө ичинен карыз алууга басым жасап жатканын көрүүгө болот. Аны расмий адамдар ырастап келишет.