Akchabarsearch
Кыргызстанга 1.1 млрд сомдон ашык акчага маргарин импорттолду

Жарыяланган

2026-20-07, 16:19

Кыргызстанга 1.1 млрд сомдон ашык акчага маргарин импорттолду

Быйыл январь-апрель айларында Кыргызстанга чет жактан 1 млрд 137.8 млн сомго маргарин импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Быйыл төрт айда өлкөгө жалпы 8.1 миң тоннадай маргарин ташып келинген. 2025-жылдын январь-апрлеь айларында болсо 8.9 миң тоннадан ашык маргарин импорттолгон. 

Маргариндин импорту (2026-жылдын январь-апрель айлары):

  • Россия – 4 миң 27.4 тонна;
  • Казакстан – 2 миң 122.7 тонна;
  • Өзбекстан – 1 миң 836.1 тонна;
  • Кытай – 32.2 тонна; 
  • Азербайжан – 1.8 тонна;
  • Европа өлкөлөрү (кайсы өлкөлөр экени көрсөтүлгөн эмес) – 1.3 тонна.

Тектеш материалды окуу