Akchabarsearch
Аймактагы ишкерлерге 2% менен жеңилдетилген насыя бериле баштайт

Жарыяланган

2026-20-07, 18:18

Аймактагы ишкерлерге 2% менен жеңилдетилген насыя бериле баштайт

"Мамлекеттик финансылык холдинг" ишкерлерге 2% менен жеңилдетилген насыя бере баштайт. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Мындай арзан насыя жаңы ишке киргизилген "Кыргыз Республикасынын региондорун экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында берилет. 

Насыяны 2% менен 10 жылга чейин алууга болот. Кредит 20 млн сомго чейин берилет. Жеңилдетилген мөөнөт 12 айды түзөт. 

Кредитти туризм, жеңил өнөр жай, өндүрүш, саламаттык сактоо, билим берүү, энергетика жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, иштетүү жана сактоо тармактарында иш алып барган аймактагы ишкерлер, компаниялар жана жана стартап-идеялары барлар ала алат. 

Кошумча маалыматты gosfinholding.kg сайтынан алууга болот. 
 


Тектеш материалды окуу