Akchabarsearch
Кумшекердин импорту 3.1 эсе өстү

Жарыяланган

2026-20-07, 17:48

Кумшекердин импорту 3.1 эсе өстү

2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга 1 млрд 241.1 млн сомго кумшекер импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Өлкөгө жалпы 24 миң 874.8 тонна кумшекер ташып келинген. 2025-жылдын төрт айына караганда быйылкысында импорт 3.1 эсе өскөн. Маселен былтыр январь-апрель айларында Кыргызстанга 8 миң 41.1 тонна кумшекер импорттолгон. 

Кумшекер 11 өлкөдөн сатып алынган.  

Кумшекердин импорту (2026-жылдын январь-апрель айлары):

  • Россия – 7 миң 290.5 тонна;
  • Бразилия – 5 миң 938.8 тонна;
  • Азербайжан – 5 миң 682.1 тонна;
  • Казакстан – 3 миң 868.5 тонна;
  • Беларусь – 2 миң 34 тонна;
  • Башка өлкөлөр – 60.9 тонна. 

Тектеш материалды окуу