
Жарыяланган
2026-06-05, 13:28Кыргызстанга эки айда 256.6 млн сомго самын импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Январь-февраль айларында өлкөгө 1 миң 771.3 тонна самын ташып келинген.
Самын Кыргызстанга 30га жакын өлкөдөн импорттолгон. Бирок анын көбү Кытай (417.2 тонна), Россия (333.8 тонна), Казакстан (285.3 тонна), Өзбекстан (170 тонна), Корея (162.9 тонна), Бириккен Араб Эмираттары (125.5 тонна) жана Түркиядан (111.3 тонна) сатып алынган.
Былтыр январь-февраль айларында өлкөгө 1 миң 507.4 тонна самын импорттолгон.



