
Жарыяланган
2025-18-02, 12:26"Кыргызтелеком" ААК 2024-жылга карата каржылык жыйынтыгын жарыялады. Ишкана отчеттук мезгилди 107,7 миллион сом таза киреше менен аяктады. Киреше 2,3 миллиард сомду, операциялык чыгашалар 2,2 миллиард сомду түздү.
Кирешенин негизги булагы интернет жана IPTV кызматтары болуп, жалпы кирешенин 57,8%ын түздү. Маанилүү үлүштү (17,2%) салттуу байланыш кызматтары, анын ичинде жергиликтүү, шаар аралык жана эл аралык телефон байланыштары сактайт. Компания стационардык телефон байланышынан түшкөн кирешенин төмөндөө темпинин басаңдагандыгын белгилейт: эгерде мурунку жылдарда төмөндөө жыл сайын 9-10%ды түзсө, 2024-жылы 1%га чейин төмөндөгөн.
2024-жылы “Кыргызтелеком” бюджетке 727,3 миллион сом которгон, анын ичинен 472,3 миллион сом салык, 225,03 миллион сом социалдык чегерүү. Кошумчалай кетсек, кызматкерлердин бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча стратегиянын алкагында компания кызматкерлеринин эмгек акысын 10,9%га жогорулаткан.
2023-жылга салыштырмалуу таза киреше алты эседен ашык кыскарган (2023-жылы 668,3 миллион сомду түзгөн). Бирок пайданын дээрлик бардыгы KT Mobile байланыш операторунун 100% акциясын 616,6 миллион сомго сатуу боюнча бир жолку бүтүм менен камсыз болгон. Эгерде цифраларды 2022-жылга салыштырсак, компаниянын таза кирешеси 30 миллион сомдон ашык (76,7 миллион сомдон) көбөйгөн.



