Akchabarsearch
Кытайдан Кыргызстанга 1.5 миң тонна күйүүчү май жеткирилди

Жарыяланган

2026-28-10, 15:04

Кытайдан Кыргызстанга 1.5 миң тонна күйүүчү май жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга темир жол аркылуу 1.5 миң тонна мунай заттарынын биринчи партиясы жеткирилди. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирди.

Анын айтымында, август айында Министрлер кабинети Кытайдын ири мунай өндүрүүчүлөрү менен жолугушуу уюштурган. Ага кыргызстандык компаниялар да катышкан. Андан кийин Кытайдан түз келишим аркылуу күйүүчү май алып келүү боюнча иштер башталган.

Буга чейин Кыргызстан күйүүчү майдын 95%га жакынын Россиядан алып келген. Бирок мунай заттарынын сунушу азайып, эл аралык рынокто кыйынчылыктар жаралгандыктан, компаниялар башка өлкөлөрдөн да күйүүчү май сатып алуунун жолдорун издей баштаган. Алардын катарында Кытай, Түркмөнстан, Азербайжан, Беларусь жана Түркия бар.

Эшатовдун айтымында, учурда өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо абалы акырындап турукташууда. Кыргызстанда дизель майынын запасы эки айга жакын убакытка жетсе, бензиндин бир айдай запасы бар.

Май айынан бери Министрлер кабинети күйүүчү майды субсидиялоодо. Бул өлкө ичинде күйүүчү майдын баасын 2026-жылдын аягына чейин бир калыпта кармоого жардам берет. Ал эми келерки жылдагы баа рыноктогу кырдаалга жараша чечилет.


Тектеш материалды окуу