Жарыяланган
2025-15-05, 09:45Ош шаарында Кытайдын "Хунань Цзюнсин" компаниясы таштандыны күйгүзүп электр жана жылуулук энергиясын чыгарган ишкана салат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-майда мэр Жеңишбек Токторбаев аталган компаниянын башкы директору Дай Даогуо жетектеген делегация менен жолугуп, ишкананы куруу маселесин талкуулаган.
Мэрия ишкана салынып калса, кышында шаарды жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу, экологиялык абал жакшырарын, заманбап технологиялар тартылып, жаңы жумуш орундар түзүлөрүн белгилейт.
Долбоорго ылайык, ишкана күнүнө 2000 тоннага чейин таштанды иштетип, 50 мегаваттка чейинки электр энергия өндүрө алат.
Жолугушуудан кийин делегация ишкана курула турган жерди көрүп чыгып, өз пикирлерин жана сунуштарын айткан.