Akchabarsearch
    УКМК Салык кызматынын мурдагы бөлүм башчысын кармады

    Жарыяланган

    2025-15-05, 14:59

    УКМК Салык кызматынын мурдагы бөлүм башчысын кармады

    Мамлекеттик салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси (С.К.) кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

    Атайын кызматтын маалыматы боюнча, С.К. өсүмдүк майын ташыган компаниялардан кыргыз-казак чек арасындагы товарларды эсепке алуу пунктунан тоскоолдуксуз өтүү үчүн акча алып турган деп шектелүүдө. Маселен ал бир компаниядан 20 миң доллар жана 1 млн сомго жакын акча алган. 

    Мурдагы салыкчы 29-апрелде кармалган. 

    Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө. 


    Тектеш материалды окуу