Жарыяланган
2025-15-05, 15:44Кыргызстанда 1-майга карата 308,4 миң жаран мамлекеттик жөлөкпул алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 196,4 миң бала "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун, ал эми 112 миң адам ай сайын берилген социалдык жөлөкпул алышууда.
Жөлөкпулдун орточо өлчөмү:
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу – 1 411,3 сом,
Социалдык жөлөкпул – 6 306,3 сом.
"Жөлөкпулдарды төлөө мамлекеттин социалдык милдеттенмелерине ылайык жүргүзүлүп, калктын эң муктаж катмарына колдоо көрсөтүү максатында багытталган", – деп билдиришти министрликтен.