
Жарыяланган
2026-10-03, 16:03Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов мурда министрдин орун басары болуп иштеп турган учурда пара алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын жай айларында Шамырканов бөлүм кызматкерин кызматынан жогорулатуу үчүн акча талап кылган. Кызматкер суралган акчанын жарымын ошол учурда анын электрондук капчыгына которуп берген.
Кийин Шамырканов министр болуп дайындалгандан кийин, калган акчаны бере албай турганын айткан кызматкерди Баткендеги бөлүмгө которуп жиберген.
Ал кызматкер Садыр Жапаровго арыз менен кайрылган. Мамлекет башчысы бул ишти текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырган.
“Көзөмөлдөөчү орган арызда айтылгандар тастыкталганын билдирген.Буга байланыштуу, Президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановду ээлеген кызматынан бошотуу чечимин кабыл алды.Бул окуя “кыңыр иш кырк жылда билинет” деген сөздүн айкын мисалынын бири.Азыр кыңыр иштер кырк жылда эмес, кырк эле күндө билинген заман. Андыктан башка мамлекеттик кызматкерлерге бул чоң сабак болушу керек” — деп белгиледи Алагөзов.
Ал ошондой эле, кимдир бирөө ушундай мыйзамсыз иштерге барганы аныкталса, өлкө жетекчилиги “жаңы эле министр кылып дайындап алдык эле же жогорку кызматка коюп алдык эле, эми бул жалпы бийликтин аброюна шек келтирбейби” деп аларды коргобой турганын айтты.



