Akchabarsearch
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкектеги башкармалыгына жаңы техникалар тапшырылды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-17-02, 14:28

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкектеги башкармалыгына жаңы техникалар тапшырылды

Бүгүн, 17-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгына жаңы атайын жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, эгер 2023-жылы бул багытка 5 млн сом бөлүнсө, акыркы эки жылда каржылоо 10 млн сомго чейин көбөйгөн.

Ал жаңы жабдуулар куткаруучулардын ишин жеңилдетип, өзгөчө кырдаалдарда шаар тургундарына тез жардам көрсөтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле  бул биргелешкен аракеттердин аркасында өткөн жылы шаар коопсуздугун жакшыртуу үчүн дарыя жээктери бекемделип, Манка-Жар капчыгайында дамба курулуп, заманбап куткаруу жабдуулары сатып алынган.

 


Тектеш материалды окуу