
Жарыяланган
2026-10-03, 15:27Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, Шамырканов бул кызматка 16-февралда дайындалган. Ал үч жума иштегенден кийин кызматынан алынды.
Анын ордуна Канатбек Чыныбаев өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул кызматка дайындоо үчүн анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.



