
Жарыяланган
2026-23-02, 13:42Бүгүн, 23-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техниканын ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Ачкыч тапшыруу аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Анын айтымында, акыркы беш жылда ӨКМге 652 даана техника берилип, ага 7 млрд сом багытталган. Ал эми 2025-жылы тармакка 5.5 млрд сомдон ашык каражат жумшалган.
Бөлүнгөн каражат авариялык-калыбына келтирүү иштерине, инфраструктуралык долбоорлорго, чек ара аймактарын өнүктүрүүгө, метеостанцияларды курууга, аэродромдорду жаңылоого, көпүрө жана башка стратегиялык объектилерди курууга багытталган.
Ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы белгиленди. Сел, жер көчкү, жер титирөө жана өрт сыяктуу коркунучтарга даярдык маанилүү экени айтылды.
Төрага кыргызстандык куткаруучулардын жогорку кесипкөйлүгүн да баса белгилеп, алардын өлкө ичинде жана чет өлкөдө татаал операцияларга катышып жатканын айтты.
Иш-чаранын соңунда куткаруучуларга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча күнүмдүк, жан аябас кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.



