
Жарыяланган
2025-04-12, 09:38Министрлер кабинети көмүрдү Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомдун негизинде Экономика жана коммерция министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, бажы кызматына, чек ара кызматына тиешелүү тапшырмалар берилди.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



