Akchabarsearch
    Өкмөт башчы Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса, Кыргызстан электр энергияны экспорттой турган өлкөгө айланарын айтты

    Жарыяланган

    2025-22-05, 18:14

    Өкмөт башчы Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса, Кыргызстан электр энергияны экспорттой турган өлкөгө айланарын айтты

    Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу менен Кыргызстан электр энергияны экспорттой турган өлкөгө айланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

    Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Адылбек Касымалиев Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагындагы 4 чакан ГЭСтин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Жалпы кубаттуулугу 9 МВт болгон Куршаб-1, Куршаб-2, Куршаб-3, Куршаб-4 чакан ГЭСтерин “MGM-групп” компаниясы курат. 

    Иш-чарада сөз сүйлөгөн Касымалиев Кыргызстанда электр энергияны керектөө жылына 18 млрд кВт/саатты түзүп, аны жабууга өлкөнүн электр станциялары чыгарган энергия жетишсиз болуп жатканын айткан. Өлкөдө 14,7 млрд кВт/саат электр энергия өндүрүлсө, калганы 3,6 млрд кВт/сааты импорттолууда. Андыктан курулган ГЭСтердин кубаттуулуктарын көбөйтүү, жаңы ГЭСтерди куруу боюнча иштер кызуу жүрүп жатканын белгиледи. 

    “Чакан ГЭСтер – экологиялык жактан таза, туруктуу энергиянын булагы. Ат-Башы ГЭСи, Токтогул ГЭСинин 2 жана 4-агрегаттары оңдолду. Камбар-Ата-2 ГЭСинин 2-агрегаты, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери жүрдү. 50гө жакын чакан ГЭСтер пайда болду. Кубаттуулугу 1860 МВт болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталды, келишимдерге кол коюлду. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу менен биз энергияны экспорттой турган өлкөгө айланабыз, энергетикалык көз карандысыздыкка жетебиз”, - дейт ал. 


    Тектеш материалды окуу