Akchabarsearch
Өкмөт иш жана кызмат көрсөтүү тармагындагы бааларды көзөмөлдөөгө укук алышы мүмкүн

Жарыяланган

2026-25-05, 14:39

Өкмөт иш жана кызмат көрсөтүү тармагындагы бааларды көзөмөлдөөгө укук алышы мүмкүн

Кыргызстанда социалдык маанилүү товарлардын катарына иш менен кызмат көрсөтүү тармагын кошулуп, өкмөт ал тармактардагы бааларды теске салууга укук алышы мүмкүн. Мындай өзгөртүү “Баа түзүү жөнүндө” мыйзамына киргизилгени жатат. 

Аталган өзгөрүүлөр талкууланган парламенттик жыйында Монополияга каршы кызматтын жетекчиси Айбек Мамыралиев билдиргендей, бул мыйзам долбоору кабыл алынса, ал мыйзам дароо иштеп, бардык кызматтардын (же жумуш) баалары көзөмөлгө алынып кетпейт. 

Маселен, мончо кызматтарынын баасы өтө кымбаттап кете турган болсо, өкмөт мончодогу бааларды теске салуу тууралуу чечим чыгарат. Ошонун негизинде Монополияга каршы кызмат мончодогу бааларды көзөмөлгө ала алат. Өкмөттүн чечими жок Монополияга каршы кызмат бааларга кийлигише бербейт.

Социалдык маанилүү товарлардын катарына кошула турган иш менен кызматтардын тизмесин өкмөт бизнес менен бирге талкуулап, түзөт.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков өкмөттүн иш жана кызмат көрсөтүү тармагындагы бааларды теске салуу мүдөөсү кооптуу прецедент болорун айтты. Себеби аталган мыйзам өкмөткө каалаган кызматтардын бааларын жөнгө салып, кийлигишүүсүнө жол ачат.

“Азыр бул же тигил тармак кирбейт деп жатасыздар. Бирок “эртең тигил же бул тармак кирбейт” деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби өкмөт бир-эки күндө эле токтомун чыгара коет. Азыр, Кудайга шүгүр, токтомдор бат эле кабыл алынат. Анан ошол жөнгө салуу киргизилген тармактагы ишкана иштей алабы, иштей албай калабы, чоң суроо”, - деди ал. 

Сыдыков мыйзамга “экономика өссүн, баалар түшсүн” деп жазып койсо эле андай болуп кетпей турганын белгиледи. 

Аскар Сыдыков эркин экономикада ишкер ишканасынан киреше таппаса, ал ишин жабат  же көмүскөгө кете турганын айтты. 

Ал ишкерлер чөйрөсү аталган демилгени колдобой турганын билдирди. 

Айбек Мамыралиев азыр кайсы иш же кызмат көрсөтүү тармагы социлдык маанилүү товарлардын катарына кире турганын айта албасын, аны өкмөт бизнес менен бирге аныктай турганын кайталады.

Мамыралиев буга чейин мамлекет көмүр, нан жана эттин бааларына көзөмөл киргизгенин, бул тармактагы бир да ишкана жабылбаганын айтты. 


Тектеш материалды окуу