Akchabarsearch
Өкмөт ишкерлерге 2% менен 500 млн сомго чейин ипотекалык насыя берүүнү пландап жатат

Жарыяланган

2026-29-06, 17:28

Өкмөт ишкерлерге 2% менен 500 млн сомго чейин ипотекалык насыя берүүнү пландап жатат

Кыргызстанда ишкерлерге, компанияларга имарат курууга, сатып алууга, реконструкция кылуу үчүн “Өнөр жай ипотекасын” берүү пладалууда. Тиешелүү токтом долбоору Экономика министрлиги тарабынан даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, азыр чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө мамлекеттик банктар, фонддор аркылуу жеңилдетилген насыялар берилип келет. Негизинен ал насыялар жабдууларды, өндүрүштү жаңылоого алынат.  

Бул насыялардын көбү ашып кетсе 5 жылга берилет, өлчөмү да чоң өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашырууга жетпейт. Өндүрүш имараттарын сатып алуу, куруу, реконструкциялоо үчүн атайын насыя жок. 

Мындан улам министрлик “Өнөр жай ипотекасы” деген долбоорду ишке ашырууну пландап жатат. Мындай долбоор Россияда 2022-жылдан бери иштеп келет. Ушуга эле окшош программалар Германия, Кытай, Корея, Түркия жана башка өлкөлөрдө бар. 

Бул долбоордун алкагында, өндүрүш имараттарын сатып алам, курам деген ишкерлерге, компанияларга 500 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет. 

Насыя 2% үстөк менен 15 жылга чейин берилет. Анын 3 жылы жеңилдетилген мөөнөт болот. Насыяны сом менен гана алууга болот. 

Ишкер канча сом насыя ала турган болсо, анын кеминде 20%ын өзү чыгарышы керек болот.


Тектеш материалды окуу