Akchabarsearch
Кочкордо 394 млн сомго унаа бекет салынууда

Жарыяланган

2025-29-04, 10:37

Кочкордо 394 млн сомго унаа бекет салынууда

Нарын облусунун Кочкор айылында заманбап унаа бекетинин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. 

Жаңы бекет эки кабаттуу болуп салынууда. Анын аянты 14 469 чарчы метрди түзөт. 

"Курулуш иштери заманбап стандарттарга жана талаптарга ылайык жарандардын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө", - деп билдирет министрлик.

Унаа бекеттин курулушуна 394 млн сом кетет. 


Тектеш материалды окуу