Жарыяланган
2025-15-09, 17:56Кыргызстанда бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын аймактарда жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала береке” төлөмүн берүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралып, жактырылды.
Социалдык камсыздоо министри Канат Сагынбаевдин айтымында, аталган төлөм төрт жана андан көп балалуу болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон 2 миллион сомго чейин берилет. Акча бала бир жашка чыкканда төлөнөт. Ошондо бул мыйзам 2026-жылы күчүнө кирет, бирок төртүнчү жана андан кийин бала үчүн төлөм 2027-жылдан тарта бериле баштайт. Бул төлөмдү берүүгө 2027-жыл үчүн 6.6 млрд сом каралган.
Бериле турган акчанын өлчөмү: