Akchabarsearch
Күрүчтүн экспорту азайды

Жарыяланган

2026-21-10, 15:58

Күрүчтүн экспорту азайды

2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстандан чет жакка 33.4 млн сомго күрүч экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Сегиз айда чет жакка 791.8 тонна күрүч сатылган. Ал Тажикстан (421.6 тонна), Өзбекстан (339 тонна) жана Россияга (31.2 тонна) экспорттолгон.

2025-жылдын январь-август айларына караганда күрүчтүн экспорту 216.3 тоннага азайган. Былтыр сегиз айда чет жакка 1008.1 тонна күрүч экспорттолгон. 


Тектеш материалды окуу