
Жарыяланган
2026-21-10, 16:24Япониянын өкмөтү Кыргызстанга жол салууда колдонулган атайын техникаларды сатып алууга грант берет. Кыргыз өкмөтүнүн Япония өкмөтү жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги(JICA) менен түзүлгөн макулдашууну Жогорку Кенш үч окууда кабыл алды.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей, Япония өкмөтү “Экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программасы” долбоорунун алкагында жол фрезаларын, жол стабилизаторлорун жана жол таптагычтарды сатып алууга Кыргызстанга грант берет. Бул техникалар өлкөдөгү жолдорду оңдоо, курулуш иштеринде колдонулат.
Гранттын суммасы 533 млн япон йенасын же 3.36 млн долларды түзөт.



