Akchabarsearch
Президент: Азыр Кыргызстанга инвестиция салганга кызыккан инвесторлор абдан көп

Жарыяланган

2026-21-10, 14:39

Президент: Азыр Кыргызстанга инвестиция салганга кызыккан инвесторлор абдан көп

Азыр Кыргызстанга инвестиция салганга кызыккан инвесторлор абдан көп. Бул тууралуу 21-октябрдагы "Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө" республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.

Кеңешмеде Садыр Жапаров инвестиция боюнча ар бир сунушту тыкыр талдап, прагматикалык мамиле жасап, мамлекет жана инвестор үчүн пайдалуу кызматташууга баруу керектигин айтты. 

"Уруксат документтерди алууну, инвестициялык келишимдерди түзүүнүн жол-жоблорун жана инвесторлорду коштоону мындан ары дагы жөнөкөйлөштүрүүнү улантабыз. Биздин милдет инвесторлорду тартуу менен чектелбей, алар ишке ашырып жаткан долбоорлордун ийгиликтүү иштеп кетишине жаңы жумуш орундарына, өндүрүшкө жана экономиканын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө зарыл шарттарды түзүү керек", - деди ал.

Жапаров мамлекеттик органдын кызматкерлерине кайрылып, инвестор менен иштешүүдө бюрократия жол берилбеши керектигин билдирди. 

"Бюрократия кылып артыңардан ээрчитпестен, эгер реалдуу инвестор болсо, силер анын аркасынан чуркашыңар керек", - деди ал. 


Тектеш материалды окуу