
Жарыяланган
2026-21-10, 18:01Кыргызстанда эл аралык университеттердин филиалдарын ачуу үчүн шарт түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрдагы "Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө" республиалык кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү жогорку окуу жайларда фундаменталдык, колдонмо, кибернетикалык, инженердик-техникалык багыттар боюнча адистерди даярдоого басым жасоо зарыл.
"Биздин студенттер эл аралык деңгээлдеги жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Биз дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен биргелешкен кош диплом программаларын өнүктүрүп, ошондой эле Кыргызстанга таанымал эл аралык университеттердин филиалдарын ачуу үчүн шарттарды түзөбүз", - дейт ал.
Жапаров билдиргендей, билим берүү программалары эмгек рыногунун реалдуу керектөөлөрүн жана тармактарды өнүктүрүүнүн келечегин эске алуу менен түзүлүшү шарт.
"Ошондуктан окутуу программалары практикалык даярдыкка, заманбап технологияларга жана конкреттүү кесиптик көндүмдөргө басым жасалып, тармактык ассоциациялар жана иш берүүчүлөр менен биргеликте иштелип чыгып, актуалдаштырылат.
Бул жерде бизге ата мекендик да, чет өлкөлүк да жогорку квалификациялуу академиялык адистер керек болот. Биз андай адистерди Кыргызстанга тартууга, алардын иштөөсү үчүн жумуш орундарын түзүүгө, мамлекеттик заказдарды берүүгө, илимий изилдөөлөрдү каржылоого жана турак-жай менен камсыз кылуу жаатында зарыл шарттарды түзүүгө даярбыз", - дейт ал.
Ал жакында билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында «Студенттик насыя» аттуу узак мөөнөттүү ыкманы ишке киргизе турганын билдирди.



