Akchabarsearch
Кубатов: суудагы "Формула-1" жарышын өткөрүүдөн өлкө экономикасына 12.5 млн доллар түштү

Жарыяланган

2026-21-08, 14:13

Кубатов: суудагы "Формула-1" жарышын өткөрүүдөн өлкө экономикасына 12.5 млн доллар түштү

Ысык-Көл облусунда суудагы "Формула-1" жарышын өткөрүүдөн Кыргызстандын экономикасына 12.5 млн доллар түштү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.   

Анын айтымында, аталган жарышты өткөрүүгө Кыргызстандын өкмөтү 2 млн доллардан ашык акча сарптаган. Бул акчага Бает айылында 2 чакырым жол, 1 чакырымдан ашык веложол, тротуарлар,  көл жээгинде спорттук мелдеш үчүн тиешелүү инфраструктура (көрүүчүлөр, анын ичинде расмий делегациялар үчүн орундар, спортчулар, кайыктар үчүн жайлар (паддок), жарык тартуу ж.б.) салынды.  Жарыш үчүн керектүү инфраструктураны салууга 2 ай кеткен.    

Ал белгилегендей, Бает айылындагы жолдор, инфраструктура бир эле жарыш үчүн курулган жок. Эми ал ошол эле айыл үчүн кызмат кылат.   

Кубатов билдиргендей, алардын алдын ала эсеби боюнча, үч күн ичинде 14.6 миңдей адам жарышты көргөнү келген. Жарышты өткөрүүдөн облустун, жалпы эле өлкө экономикасына 12.5 млн доллардай пайда түшкөн.   

"Бает айылында 70 доллар турган номерлердин баасы 400 долларга чейин чыгып кеткен. 12.5 млн доллар түшкөнүн кантип санадык десеңер, ошол эле мейманкана, жол, тамак-аш, иш-чарага катышуу үчүн кетирген чыгымдары эсептелди. Эсептөөлөрдү дагы улантып жатабыз", - деди ал.  

Болжолдуу эсеп боюнча Ысык-Көлдөгү "Формула-1" жарышын дүйнөнүн булуң-бурчунан 500 миллионго жакын адам көргөн. Жарышты көргөндөрдүн катарында Түндүк жана Түштүк Америка, араб өлкөлөрү, Тынч океан аймагы, Япония, Кытай, КМШ өлкөлөрү бар.   

Эскерте кетсек, суудагы "Формула-1" жарышы же кайыктардын дүйнө чемпионаты 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө өткөн. 


Тектеш материалды окуу